Алмазбек Атамбаев: "2010-жылдын 7-апрелинде эч ким "бийликти басып алып Чыңгыз хан болом" деп кыйкырган эмес"

"2012-жылдын 3-октябрындагы баш аламандыкты 2010-жылдагы 7-Апрель окуясына салыштыруу Кудайга да жакпайт",- деди президент Алмаззбек Атамбаев маалымат булактарынын бириндеги маегинде. 

 

"Силер билесиңер, 2010-жылдын Апрель окуялары учурунда оппозиция лидерлери түрмөдө болчу. Мен 7-апрель күнү кечинде бошотулгам. Эл өзү топтолуп борбордук аянтка чыгышты, 87 адам каза тапты. Бийлик болсо өлкөдөн качты. Ал убакта эч ким "бийликти басып алып Чыңгыз хан болом" деп кыйкырган эмес. Эл бийликтен тажап калган болчу. Ал окуяны 3-октябрдагы ызы-чуу менен салыштырганга болбойт",- деди президент. 

 

Ал Камчыбек Ташиевдин 3-октябрдагы аракети тууралуу буларды айтты. "Эгер Ташиев менен Жапаровдун бийликти басып алууга болгон аракеттери Казакстанда, Өзбекстанда же Орусияда, алтургай АКШда болсо, аларга биздегиден башкача чара көрүлмөк".  

 

Өлкөдөгү митингдер тууралуу президент өз пикирин айтты. 

"Мен ар дайым ачык айтып келем, ким мыйзам бузса, ал эртеби-кечпи, баары бир жоопкерчиликке тартылат. Азыр кыйкырып, жол тоскондор өздөрүн сооротпосун, алар да жоопкерчиликке тартылат учуру келгенде",- деди өлкө башчы. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан