Алмазбек Атамбаев: "Күзүндө өлкөдөгү тынчтыкты бузуу аракеттери болот"

"Күзүндө өлкөдөгү тынчтыкты бузууга аракеттер болот. Мамлекет башчы катары менин көп нерседен маалыматым бар",- деди Алмазбек Атамбаев маалымат булактарынын бириндеги маегинде. "Аракеттер болот, бирок алар өлкөдө баш аламандык жарата алышпайт. Өлкө күндөн-күнгө күчтүү болуп бара жатат",- деди президент. Өлкө башчы чагымчылдык аракеттер күзүндө жана жазында боло турганын билдирди. "Муну баш аламандык менен максатка жетүү мезгили эчак бүткөнүн билбегендер кылышат. Алардын аттарын атабай эле коёюн, бирок алар чын эле динозаврлар, андай доор бүткөнүн билишпейт. Азыр бийликке келүүнү каалагандар шайлоолорго даярданышы керек",- деп билдирди мамлекет башчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан