"Президенттик башкаруу болгондо иштей албаган министрлерди айдайт элем дейм. Бирок өткөндөн сабак алышыбыз керек" деди өлкө башчы

Президент Алмазбек Атамбаев маалымат булактарынын бириндеги маеги учурунда парламенттик башкаруу системи тууралуу пикирин айтты. "Кээде ойлойм, өлкөдө президенттик башкаруу болгондо азыркы иштей албаган министрлерди иштен айдайт элем деп. Бирок биз эки жолу капканга түшүп көрдүк да, Акаев менен Бакиевдин тушунда. Муну кайталабашыбыз керек",- деди өлкө башчы. Ал парламенттик башкаруу жаңыдан түптөлүп келе жатканына токтолду. "Парламенттик демократияда баары ачык болот. Буга "Кумтөр" же Азиз Батукаевдин маселеси жана башкалар ачык мисал болду. Бул жакшы көрүнүш. Албетте, азыркы парламент баарына эле жага бербейт. Бирок убакыт бериш керек, бир аз чыдап, анын бутуна турушун күткөнүбүз оң",- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.  

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан