Депутат өз сөзүндө 31-августту улуттук ар-намыстын, жеке ар бирибиздин сыймыгыбыздын, жоопкерчилигибиздин күнү катары белгилеп, Кыргызстандын соңку тарыхында жаңы темир жол, унаа жолдорду салуу пландаштырылып, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоо ишке ашырылып, көз карандысыздык дагы да бекемделе баштаганын билдирди. Ал “эгемендик – жалпы элдин, ар бирибиздин майрамыбыз” деп Кыргызстандын келечегинин кең болушун тилеп, Сокулук районунун элине бакубат турмуш, байгер жашоо каалады.
Майрамдук иш-чара көз карандысыздыкка багытталган концерт, ар кандай оюн-зооктор менен коштолду.