Бүгүн, 31-август - Эгемендүүлүк майрамында Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде балдарга жомок окуп берди. Ал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр таржымалы тууралуу балдарга аңгеме курду. Ошондой эле экс-президент атайын даярдалган слайд-шоу аркылуу бөбөктөргө шаар турмушу, коомдук жайлар тууралуу маалымат берди.