Путин: "Сирияга сокку урардан мурун Барак Обама "Нобель" сыйлыгынын ээси катары андагы өлүмдөр тууралуу ойлонушу керек"

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Барак Обаманын атактуу "Нобель" сыйлыгынын лауреаты экенин эске салды. "Мен Обамага "Нобель" сыйлыгын алган адам катары кайрылат элем: Сирияга аскердик сокку уруудан мурда анын кесепетинен кыйылчу өмүрлөрдү ойлонуш керек",- дейт Путин. Орус ажосу бул пикирин 31-августта Владивостокто айтты. Ал Сирияга кандайдыр бир операция жасоо чечимин кабыл алардан мурун Орусия жакшылап ойлонууга үндөй турганын баса белгиледи. Айта кетсек, ушул эле күнү АКШнын президенти Барак Обама Сирияда химиялык куралдын колдонулушуна байланыштуу "АКШ Сирияга сокку уруу чечимин кабыл алды. Биз каалаган учурда чабуулду баштайбыз",- деп билдирүү жасады.  

 

Айта кетсек, Барак Обама 2009-жылы тынчтыкты коргоо, дүйнөдөгү өзөктүк куралсыздандыруу жана эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан