1-майдан тартып чач тарачтар, дүң товар саткан дүкөндөр жана айрым мал базарлар иштей баштайт. Дагы кандай ишмердүүлүккө уруксат берилди? Тизмеси төмөндө

COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында кандай жол-жоболорго уруксат берилгени тууралуу маалымат берди.

1-майдан тарта өзгөчө абал режиминде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги.

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

- энергетикалык өнөр жай;

- химиялык жана нефть, газ өнөр жайы;

- машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;

- тоо-кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;

- текстилдик жана булгаары бут кийим өнөр жайы;

- эмерек өнөр жайы, курулуш материалдарды өндүрүү;

- жана башка өнөр жай, өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш чөйрөсү:

- курулуш объектилери;

- сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор, көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер; кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

- техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоо;

- дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;

- жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү:

- интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматы кошо;

- курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

- кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү, кампалар, курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

- автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана сулуулук салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боёо жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда).

Фермерлерди колдоо үчүн мал базарлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Бирок айрым аймактарда гана. "Шаарларда жана Бишкек, Ош, Токмок, Сокулуктагы эл көп топтолгон базарлар азырынча иштебейт", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Премьер-министр өлкө аймагына вирустун кеңири жайылышынын минималдуу тобокелдигине дагы жол берилбеши керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
color-style
2020-04-28 23:40:50
Буйруса 1-майдан баштап бардак башталат буйруса... Карантин болгон шаарлардан конокторду кутобергиле
-4
baku24
2020-04-28 23:43:35
Башкасынан да 1 майдан баштап балдарды эшикке бир жарым саат, бир саат алып чыкканга уруксат берилдиби?
+5
Bars88
2020-04-29 01:27:43
baku24,Ошону айт 3 бала менен уйдо камалып отурабыз.Озубуз эптеп чыдайт экенбиз балдарга кыйын экен
+1
rafo80
2020-04-29 01:54:11
Бир жолу 10-майга чейин чыдап коюш керек эле дааа. Ошондо кыйла абал жакшырып калат эле.
+5
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-29 09:02:48
Бул менин бизнестерим девалба
+1
Hanbike9686
2020-04-29 10:26:21
Баары бир дагы 10 15 кундой чыдап отуруш керекко дейм
+2
Araika
2020-04-29 11:10:37
Ушинтип эрте ачып алып кайра кобойтуп алышпаса болду Эми. Сабыр кылып туруш керек болчу элибиз. Салондорго эмне бар жасанбай отуруп турсанар деле болот да кучоп кетсе кайра курошо албай отурасынар. балдарды деле сыртка апчыкпай туруш керек таптакыр жоголду дегенче.
+1
Nestana95
2020-04-29 13:08:11
Ошондо автобус, троллейбустар чыкса,алыска жакта жашагандар жумушка кантип барат экенбиз.......же тынч эле дагы 10 жатабызбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан