Өлкөдө пневмония илдети менен күрөшүп жаткандардын ичинен акыркы бир суткада 41 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда республикалык штабдан кабарлашты.
Каза болгондордун 22си өлкөнүн башка аймактарынан, 19у Бишкектен.
Республика боюнча март айынан бери пневмония дартынан каза болгондордун жалпы саны 423кө жетти.