1-апрель күлкү күнүнө карата чыгып кеткен тамаша Екатеринбург шаарынын жашоочусу үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты. Анткени Орусиянын көптөгөн маалымат булактарында жаңы төрөлгөн ымыркайга Ковид ысымы берилди деген маалымат тараган. Ал макалада Ксениянын баласы менен түшкөн сүрөтүн колдонушкан.
Алгач макала Кузбасстын маалымат порталында жарыяланган. Анда пандемия учурунда көз жарган Новокузнецк шаарынын тургуну баласына Ковид ысымын бергени жазылган. Бирок макаланын аягында бул тамаша экени айтылган. Кийин макала көп жакка тарап, бирок бул тамаша экени айтылган эмес.
"Мен бүгүн көптөгөн редакцияларга чалып убактымды короттум. Мындай акылга сыйбаган маалыматты текшербей туруп чыгаргандарга таң калып жатам. Ошондой эле менин жана жашы жете элек баламдын сүрөтүн жарыялап жаткандыктарынан улам мен прокуратурага кайрылдым", - деп билдирген Ксения.
Маалыматка караганда, тарап жаткан сүрөт 8 ай мурун тартылган. Ал жергиликтүү төрөт үйү тууралуу макалага колдонулган. Ал маалда Ксения жаңы гана көз жарып, бактылуу болуп турган учур болгондуктан, макаланын каарманы болууга макул болгон.