“Жогорку Нарын ГЭС каскадынын” курулушунун баасы эки аптанын ичинде белгилүү болот
“Жогорку Нарын ГЭС каскадынын” курулушунун
баасы эки аптанын ичинде жарыяланат. Бул тууралуу “Жогорку Нарын
гидроэлектростанциясынын” директорлор кеңешинин төрагасы Александр Халтурин билдирди. Айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негизи орусиялык “Ленгидропроект”
компаниясы тарабынан иштелип чыкты.
Халтурин учурда 2200 жумушчуга
ылайыкталган убактылуу жашоочу жайлар курулуп жатканын кошумчалады. Жумушчулар үчүн
15 жатакана, 2
комплекстүү ашкана, кинотеатр, бейтапкана, мончо, стадион курулат. Жалпы курулуш
аянты 17 гектар жерди түзөт.