Бул ирет SUPER.KG порталы коронавирусту дарылаган негизги очоктордун бири болгон Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башчысы Гүлжигит Аалиев менен маек курду. Анда иштеген кызматкерлер 1 ай 7 күндөн бери ооруканадан чыгыша элек. Ооруканада атайын жатакана уюштурулуп, ошол жерде жатып иштешет. Жакындары менен телефон аркылуу гана байланышып, ал эми жолугууга тыюу салынган.
Аалиевдин айтымында, ушул тапта бул ооруканада 198 медициналык кызматкерлер иштеп жатат. Инфекция аныкталган баштапкы күндөрү алардын саны азыраак болчу, бирок бейтаптардын саны көбөйгөндө кызматкерлерди жумушка чакыртышкан.
"Жаш курагы өтүп калгандар, жалгыз бой балдарын багып жаткандар жана кичинекей балдары бар кызматкерлер жумуштан бошотулган. Калгандары иштеп жатышат, аймактарга да жөнөтүлгөн адистерибиз бар", - деди Аалиев.
- Гүлжигит Кенжекараевич, сиздердин оорукана өлкөдөгү негизги очоктордун бири болууда. 1 ай 7 күндөн бери үйүңүзгө бара элек болсоңуз, анын үстүндө моюнуңуздагы жоопкерчилик чоң, чарчадыңызбы?
- Ачыгын айтсам чарчадым... Бирок антип айтууга акым жок деп ойлойм. Себеби жетекчи болуп туруп мен чарчадым десем башка кызматкерлер кантет? Аларга дем-күч бериш керек, андыктан чарчаганды билбей иштешим керек деп өзүмдү колго алуудамын.
- Сиздердин ооруканада коронавирус инфекциясы менен канча бейтап дарыланып жатат? Канча адам айыгып чыкты?
- Буга чейин 104 бейтап айыгып чыкты. Ар бир айыккан бейтапты үйүнө узатуу майрамга тете болуп жатат. Өзгөчө балдардын айыгып чыгып кеткендиги бизди кубандырат. Ар бир бейтаптын өмүрү үчүн кооптоносуң, бирок айыктырып чыгарганда жеңилдейсиң. Тилекке каршы, бир бейтап башка өнөкөт оорулары да козгоп каза болуп калды. Азыркы учурда 140 бейтап дарыланып жатат. Аларды жалпы 198 медицина кызматкери тейлейт.
- Медицина кызматкерлери чарчап, иштебейм деп кол шилтеп кеткиси келгендер барбы? Кантип стимул берип жатасыз?
- Мен биздин кызматкерлерге абдан ыраазы болуп жүрөм. Негизи график боюнча 6 сааттан иштешмек. Алты саат дегенибиз коргоочу костюмдар менен иштөө оор, костюмдар кишини жөн иштеген учурдан 5 эсе көп чарчатат. Ошого карабастан, бейтаптар өтө көп келип жаткан учурда 8-9 саатка чейин чыдап иштеп жатышты. Күйөөсү, келинчеги барлар, үй-бүлө, балдары, улгайган ата-энелери барлар бар. Баары жакындарын көрүшө элек, телефон аркылуу сүйлөшүп жатышат. Балдары чалып апаларына ыйлашат күндө. Ошентсе да чарчадык, кетебиз дебей иштешүүдө. Эми кээде капаланып калган кызматкерлер болот, түшүндүрүп, сүйлөшүп абалды жөнгө салып иштеп жатабыз.
- Айрым бейтаптар ооруканадан чыккандан кийин таптакыр дары ичкен жокпуз, анализ эле алышты деп айтышууда. Негизи эле коомдо вирус жок, баары калп дегендер бар. Сиздин мындай пикирлерге жообуңуз кандай?
- Ооба, коронавирустун жеңил түрү менен ооругандарда айрым учурда белгилер билинбей өтүшү мүмкүн. Чет өлкөлөрдө андай жеңил ооругандарды үйлөргө чыгарып жатышат. Биз анткен жокпуз, ал барып карантиндин шарттарын сактайбы, сактабайбы билбейбиз. Организми алсыз адамдарга жуктурушу мүмкүн да, ал адамда оору оор өтсө эмне болот? Вирус жайылып да кетет. Ошондуктан өкмөттүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эң жеңил түрүн жуктургандарды да ооруканага жаткырганы, обочолонткону туура план деп билем. Бул биздин жеңиш болду, оору жайылып кеткен жок.
Ал эми вирус жок деген туура эмес, биз көрүп жатабыз айрымдарда оору кандай өтүп жатканын. Ошентип "жатпайм, ооруган жокмун" деп бир тургун аябай чыр салган. Диагнозун айтып, көрсөтүп жатып ооруканага жаткырдык, үч күндөн кийин дем алуусу кыйындай баштады, жандандыруу бөлүмүнө да түшүп калды. Жасалма дем алдыруу аппаратына жаткырдык. Дарыгерлер абдан чоң күч жумшашты, өзү да кыйналды. Бактыга жараша айыгып кетти. Андыктан мен элди буга кылдат жана олуттуу мамиле жасоого чакырам.
- Инфекцияны жуктургандарды дарылоого жумшалган каражаттын суммасы дагы коомдо талкуу жаратты. 7 миңден 180 миң сомго чейин жумшалат дешти министрликтен, сиз очогунда иштеп жаткан адам катары айтсаңыз, бул эмнеге жумшалышы мүмкүн?
- Андан да көп каражат кетиши мүмкүн. Себеби элестетип көрүңүз дарыгерлер кийген коргоочу каражаттар орто эсеп менен 2 миң сом турат. Бир ооруну көрүш үчүн медициналык төрт кызматкер кирет, ал бир эле жолу кийилүүчү костюм. Күнүнө биздин ооруканада мындай 160 костюм колдонулат, ошондо эле 300 миң сом кетип калып жатпайбы. Бирок өкмөт, министрлик бизди коргоочу каражаттар менен толук камсыздаган.
- Үйүңүздөгүлөр менен байланышып турсаңыз керек. Барганда кимдер тосуп алат?
- Акыркы бейтапты үйүнө узатып койгондон кийин гана бул жактан чыгабыз, бардык текшерүүлөрдөн өтөбүз. Үйдө өзгөчө неберелерим күтүп жатышат, күндө чалып "каяктасың, качан келесиң?" деп сурап жатышат. Баарыбыз эле үйгө бара турган күндү чыдамсыздык менен күтөбүз. Менин жеке пикиримде, эл дарыгерлер, Саламаттыкты сактоо министрлиги айткан талаптарды так аткарып, көп топтолбой, гигиенаны сактаса, май айынын аягына чейин вирустун жайылышы токтошу мүмкүн.