Бүгүн, 4-октябрга карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети 43 жарандан аныкталды. Республикалык штабдын статистикалык маалыматына караганда, акыркы суткада Ош жана Баткен облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек - 26;
Чүй облусу – 4;
Талас облусу - 2;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 2.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдети аныкталган күндөн тарта жалпы 178 миң 783 жаран жабыркады.
Ал эми бир сутка ичинде илдеттен айыгып чыккандардын саны 67 болду. Муну менен өлкө боюнча айыккандардын жалпы саны 173 миң 538ге жетти.