Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков "Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 10-майды кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылууда.
Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилет.