31-августта Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн жөө адамдар өтүүчү жерлерине жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу Айбек Баратов билдирди. Айтымында, көчөлөрдүн 15 жерине белгилер коюлду. “Алар күйүп тургандыктан күндүз да, кечкисин да айдоочуларга даана көрүнүп турат. Бул акция шаарда унаалардын көбөйүп, бирок жол белгилеринин жетишсиздигинен улам уюштурулду. Ишке 1500 доллар сарпталды. Жардамдашканы үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигине жана катышуучуларга ыраазымын”,- деди ал.