1-сентябрда Бишкектин "Тез жардам" кызматына 580 кайрылуу түштү. Дарыгерлер тобу 440 чакырууга барышып, 109 адам ооруканага жеткирилди. Борбор шаардын аймагында 24 сааттын ичинде 3 жол кырсыгы катталып, 53 жаштагы жаран жаракат алды. Муну менен катар 3 адам белгисиз адамдар тарабынан сабалды.