Акыркы коңгуроо, 10-20-30 жылдык бүтүрүү салтанаттары боюнча чектөөлөр болот

Бүгүн, 30-апрелде Өкмөт үйүндө билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана министрдин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын беришти.

Анда министр акыркы коңгуроо, 10-20-30 жылдык бүтүрүү салтанаттары боюнча чектөөлөр тууралуу айтты.

"Сөзсүз түрдө 10-20-30 жылдык бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттары боюнча чектөө болот. Себеби азыркы абалга баарыбыз туура түшүнүүбүз керек. Өздөрүнүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн буларды биз токтотуп турушубуз керек. Ал эми акыркы коңгуроо боюнча балдарыбыз эң башкысы мамлекеттик экзамендерди өз убагында тапшырса, андан кийин өздөрүнүн коопсуздугу үчүн мүмкүн болушунча бул маселени токтотуусун талап кылып, чечим кабыл алалы деп ниеттенип жатабыз", - деди Исаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baha.A
2020-04-30 12:21:36
Чыгашаларды карантиндин деми менен кыскартыш керек бул эле эмес башкасын да
+5
DanilAylin
2020-04-30 14:54:47
10,20,30 жылдыкты вообще жоюш керек,андан канчалаган уй булоолор бузулуп жатат,акчалары ашып ташып атса мектепке жон эле жардам берип коюшса болот,бизде ото эле ашыкча болуп кеткен,уй булоолорун таштап коюп 2 кундоп чыгып кетишет 10,20 жылдык деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан