Төрага Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу мекендештер!
ЖКнын депутаттарынын атынан Билим күнү - жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Билимдүү жаштар - биздин башкы байлыгыбыз. Кыргызстан жаш өлкө, анын бакубат келечеги жаштарга таандык. Дегеле азыркы ааламдашуу доорунда илимдин жетишкендиктерине таянуу менен, жаңычыл технологияга тап койгон адамзат болочогун, анын ичинде кыргыз элинин келечегин илим-билимдүү жаштарсыз элестетүү мүмкүн эмес.
Билим күнү балдар менен жаштардын гана эмес, жалпы эле агартуу тармагында иштеген жарандардын да майрамы. Келечек муун өкүлдөрүнө ажайып билим дүйнөсүнүн эшигин кенен ачкан мугалимдер менен окутуучуларга, ата-энелер менен тарбиячыларга, билим берүү тармагын колдогон демөөрчүлөргө зор ыраазычылык билдиребиз.
Жаш муундарга ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик жана кең келечек каалап, мекен керегине жараган улан-кыздардан болуп жетилишине тилектешмин”.