Адахан Мадумаров оппозициядан бийлик бутагына өткөндүгүн 24.kg маалымат агенттигине мындайча түшүндүрдү: “Оппозицияны өкмөт укпайт, а мен өз өлкөм үчүн пайдалуу нерсе жасай алам”. Белгилей кетсек, 30-августта Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган. Бийликти ашкере сындап жүрүп, бул кызматка кандайча макул болгондугу боюнча “мен бийликке карата айткан сын-пикирлеримден танбайм. Кыргызстанга пайда алып келүү үчүн гана бул кызматка дайындалууга макулдугумду бердим”- деп билдирди.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы түзүлгөн. Тили жана маданияты тектеш мамлекеттер саясий-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бир уюмга биригишкен. Анын катчылыгы Стамбулда жайгашып, учурда кеңештин башкы катчысы Халил Акынжы.