25-августта Москванын Барболин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жертөлөсүндө жашап, иштеген кыргызстандык жана молдовалык мигранттар кармалганын жергиликтүү ММКлар жарыялашты. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар сантехник жана көчө шыпыруучу болуп иштешкени белгилүү болду. Алардын жанында тиешелүү документтери жок болуп чыгыптыр.