3-сентябрда республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +26...+31°C, түнкүсүн +10...+15°C
Талас облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +6...+11°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +13...+18°C
Баткен облусунда күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +11...+16°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +8...+13°C
Нарын облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +5...+10°C
Бишкек шаарында күндүз +28...+30°C, түнкүсүн +12...+14°C
Борбор калаада жамгыр жаашы күтүлбөйт.