Жыл сайын Кыргызстандан Түркияга бекер дарылануу үчүн 20 адам жөнөтүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Паиза Сүйүмбаева билдирди. Анын айтымында, 13-15-августта Анкара шаарында өткөн кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгынын VII жыйынында бул келишим түзүлгөн.