Бүгүн, 3-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Сокулук айылындагы Ленин, Комсомол, Октябрь, Ысык-Көл, Ала-Арча көчөлөрүндө, Жайыл районуна караштуу Ат-Башат айылында, Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул чектөөлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.