Баткен РИИБи: "Шектүү 5 парашютчу Тажикстандын аймагына өтүп кетиши мүмкүн"

Баткен аймагына 29-августта түшкөн белгисиз 5 парашютчу табыла элек. Муну 2-сентябрда аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы билдирип, аларды издөө уланып жатканын айтты. Баткен РИИБи шектүү парашютчулар Тажикстандын аймагына өтүп кетиши мүмкүн деп болжолдоп жатыптыр. "Баткенден парашютчулар түшкөн Сары-Жаз жайлоосуна чейин 3,5 саттык жол. Ал эми Тажикстандын Ворух анклавына эки эсе жакын. Шектүүлөр аталган анклавга кирип кетиши мүмкүн",- деп билдиришет РИИБиден. Айта кетсек, асмандан 5 парашютчу түшүп келе жатканын аталган жайлоодогулар көрүшүп, милицияга кабарлашкан эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан