ИИМдин академиясынын башчысы болуп полковник Жеңиш Жакыпов дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов бизге билдирди. Буга чейин Жакыпов өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары – өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болчу. Эске сала кетсек, 2013-жылдын март айында ИИМдин академиясынын мурунку башчысы Алмаз Базарбаев паракорчулукка шектелип, өздүк кабинетин текшергенде 5 миң доллар акча табылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, Базарбаев ээлеген кызматынан четтетилген.