Оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов Казакстанга учуп кетиптир. Муну оппозиция менен буга чейин иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга айтып берди. Жашыруун тартылган видеотасма 2-сентябрда телеканалдар аркылуу элге көрсөтүлдү. "Жекшенкулов Казакстанга көп каттайт. Ал жактан оппозициянын же башка бир топтордун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт. Азыр оппозицияны ким каржылап жатканын билбейм. Бирок Казакстанда Садыр Жапаровдун миллионер досу бар. Бишкектин Киев-Правда көчөлөрүнүн кесилишиндеги Жапаровдун 6 кабаттуу имаратын ошол адам сатып алган деген маалыматтар бар. Негизи оппозициянын буга чейин да топтогон акчалары бар”,- деди ал.