"Оппозициянын Нарын дарыясына уулуу зат төгүү операциясын "Хизбут-Тахрир" уюмунун өкүлдөрү ишке ашырат" дейт Э.Өмүралиев
Оппозициянын Нарындагы "Юпи" долбоорун ишке ашырууну "Хизбут-Тахрир" уюмунун өкүлдөрү колго алмай болгону айтылды. Муну УКМКга оппозиция менен буга чейин иштешип келген Эрланбек Өмүралиев билдирип, сүйлөшүү тартылган жашыруун видеотасма 2-сентябрда телеканалдар аркылуу жарыяланды. "Бул ишке Хизбуттардын да кызыкчылыгы бар окшойт. Алар буга чейин Нарында бир да микрокредиттик компания болбосун деп айтып келгени белгилүү. Бул операциялар ишке ашса алар исламдык негизде банк же кредиттик компания түзүүнү көздөп жатышкандай. Анан да "Солтон Сарыга" өздөрүнүн базасын жайгаштырууга ресурстар керек. Мен бул ишти аталган экстремисттик уюмдун өкүлдөрү колго аларын Садыр Жапаровду ооруканага көргөнү барып жүргөн учурда мурунку депутат Талант Мамытовдон уккам",- деди Өмүралиев.
Оппозициянын 8-9-10-сентябрда өлкөдө баш аламандык кылуу пландарынын бети ачылды