УКМК оппозициянын пландары тууралуу айтып берген Эрланбек Өмүралиевдин маалыматтарын иликтеп жатат

Оппозициянын кооптуу пландары тууралуу айтып берген Эрланбек Өмүралиевдин маалыматтары боюнча иликтөө жүрүп жатканын бүгүн, 3-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, Өмүралиев менен УКМКнын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланды. Анда буга чейин оппозиция менен иштешип келген Өмүралиев алардын өлкөдө баш аламандык кылууга карата түзүлгөн пландарын ашкере кылды. Учурда факты боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатыптыр. Айтымында, оппозиция алдына 3 долбоор койгон. Бири "Кубакы" деп аталып Ысык-Көлдө жолдорду тосуу, экинчиси "Юпи" - Нарын дарыясын химиялык каражаттар менен ууландырып, буга бийликти күнөөлүү деп табуу. Үчүнчүсү азырынча белгисиз экен. Бирок алдынкы экөөнө караганда бул күчтүү план экенин айтты Өмүралиев. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан