Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары ишке чыгышып, парламенттин жалпы жыйынына чогулушту. Төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды сессиянын башталышы менен куттуктап, андан соң мамлекеттик гимн жаңырды. Төрага кесиптештерине, ЖКнын аппаратынын кызматкерлерине жана журналисттердин ишине ийгиликтерди каалап, жыйындар комитеттерде улана турганын айтты.