УКМК 2-сентябрда жарыялаган видеотасма боюнча мурдагы депутат Садыр Жапаров оюн билдирди. Экс-депутат бул видеону көрүп күлкүсү келиптир. “УКМК жарыялаган видеотасма - фантастика. Күлкү келтире турган жорук дейт элем. Эгер андагы айтылган сөздөр чын болсо, эмне үчүн УКМК мага, Талант Мамытовго жана башкаларга кылмыш ишин козгобойт? 8-сентябрга 5 күн калыптыр, бул аралыкта кантип жол тосууга жетишмек элек. Азыркы бийлик Акаев менен Бакиевдин эски жоруктарын кайталап жатышат”,- дейт ал. Айтымында, УКМКга оппозициянын пландарын ашкерелеген Эрланбек Өмүралиевди жакында эле тааныган. "Бул тасманы көрүп, андагы айтылган сөздөрдү угуп таң калдым. Карандай калп. Эгер мен УКМКдагылардын ордунда болсом, алдын ала даярданып, анан баарын ошол күнү кылмыштын үстүнөн кармамакмын",- дейт Жапаров.
Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланды. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле.