Бишкектин Свердлов райондук соту ИИМдин Академиясынын мурдагы башчысы Алмаз Базарбаевдин жана анын мурдагы орун басары Рахматилло Амираевдин ишин 6-сентябрда карайт. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти. Эскерте кетсек, Базарбаев менен Амираев март айында пара алуу фактысы боюнча айыпталып кармалышкан эле. Биринчи соттук отурум 19-августта өткөн.