Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин 6-сессиясынын расмий ачылышы менен депутаттарды куттуктады

Төрага Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин 6-сессиясынын расмий ачылышы менен депутаттарды куттуктады. Анда төрага: “Өткөн сессиябыздын учурунда Жогорку Кеңеш өлкөбүздүн тарыхый өнүгүүсүнүн учурдагы чакырыктарына татыктуу жооп берип, мезгил талабына ылайык мыйзамдарды кабыл алуу менен шайлоочулардын ишенимин актоонун аракетинде бир кыйла жемиштүү иштеди.

Бул иштерде мына ушул залда отурган эл өкүлдөрүнүн – сиздердин ар бириңиздердин татыктуу салымыңыздар бар.

Эми жаңы ачылган сессиябыздын жүрүшүндө да жалпы кыргыз элинин, Кыргызстандын бакубат келечегинин камындагы асыл максаттарды көздөп, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” ынтымак менен иштейбиз деп терең ишенем.

Урматтуу депутаттар, жай бою жер-жерлерде шайлоочуларыбыз менен жолугушуп, элибиздин каалоо-тилегин, арыз-кайрылууларын угуп, куржун толо ой-максат, тапшырма-милдет менен келдиңиздер. Эл-журтубуз бизден Кыргызстандын өнүгүүсүнө багытталган мыйзамдарды, алардын аткарылышын күтөт. Буга чейинки сессияда козголгон актуалдуу маселелер боюнча өкмөттүн аткарган иштери жөнүндө маалыматты угар да мезгил кирип келди.

Жогорку Кеңештин алдында албан милдеттер турат. Алар биринчи кезекте республикабызда саясий, социалдык туруктуулукту, улуттар аралык ынтымак-ырашкерликти камсыз кылуунун башатында болуу менен, өнүгүүнүн жаңы тарыхый шарттарына шайкеш мыйзамдарды иштеп чыгуу аркылуу реформаларды жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин түзүүдө турат.

Баарыңыздарга алдыдагы сессия аралыгында натыйжалуу мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн каалайм жана калкыбыздын койгон талаптарын мыйзам алкагында чечүүдө чоң эмгек жасайбыз деп терең ишенем.

Жогорку Кеңештин ишинин ийгилигинде аппарат кызматкерлеринин салымы да зор, ошондуктан аппаратка да профессионалдык ийгиликтерди каалаймын.

Адат болуп калгандай, күздүн келиши, Жогорку Кеңештин ишинин башталышы менен өлкөбүздөгү саясий турмуш активдешет. Парламенттин ишин чагылдыра турган журналисттерге да ийгилик каалоо менен элибизге объективдүү маалымат жеткирет деп ишенем - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан