Курманбек Осмонов, депутат: "УКМК жарыялаган видеодо түшкө кирбей турган маалыматтар айтылууда"

УКМК 2-сентябрда коомчулукка жарыялаган видеотасма боюнча ЖКнын депутаты Курманбек Осомонов пикирин билдирди. Анткени аталган тасмада оппозициянын бийликти кулатуу аракеттерине даярдык көрүүгө Осмоновдун да катыштыгы бар экени айтылган эле. "Тобо келтириш керек, видеотасмада айтылган нерселерге менин тиешем жок. Андай нерселерге аралашмак да эмесмин. Эрлан Өмүралиев түшкө кирбей турган нерселерди айтып жатат. Мен оппозициясына да, бийлигине да жан тартпайм, өзүмдүн туруктуу көз карашым бар. Бирок видеотасмада айтылган маалыматтарды ийне-жибине чейин иликтеп чыгуу кажет",- дейт Осмонов. Депутат 24-августта Соң-Көлдө өткөн курултайга катышпаганын, ал тургай чакырылбаганын кошумчалады.  

 

Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланды. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле.  

Оппозициянын 8-9-10-сентябрда өлкөдө баш аламандык кылуу пландарынын бети ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан