Оппозиция өкүлү Аликбек Жекшенкулов (сүрөттө) УКМК тарабынан 2-сентябрда жарыяланган видеотасма боюнча оюн билдирди. “Бул видеотасма чагымчылдык максатта жарыяланды, анда айтылгандардын баары жалган”,- деди ал. Оппозициянын алдынкы пландары тууралуу УКМКга маалымат айтып берген Эрланбек Өмүралиев эч кандай тууганы эмес экенин айтат Жекшенкулов. “Менин эч кандай Эрланбек аттуу тууганым жок. Теледен УКМКга маалымат берген адамды менин тууганым деп айтышты, бул жалган. Бул ишти УКМК оппозициячыл саясатчыларды элге жаман көрсөтүү максатында уюштурду деген ойдомун. Мен мыйзамды сыйлаган адаммын, убагы келип бул тасмадагылар калп экендиги билинет”,- деди Жекшенкулов.
Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланды. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле. Аликбек Жекшенкулов ал иштерди уюштуруучулардын бири экени айтылган.