"Ооба, Чыңгыз Капаров менин жардамчым. Бирок аны жарым жылдан бери көрө элекмин" дейт депутат Курманбек Осмонов

"Ооба, Чыңгыз Капаров менин коомдук жардамчым. Бирок аны жарым жылдан бери көрө элекмин”,- деди ЖКнын депутаты Курманбек Осмонов (сүрөттө). Айта кетсек, Капаров 24-августта Соң-Көлдө өткөн жаштар курултайын уюштуруучулардын бири. УКМК 2-сентябрда жарыялаган видеотасмада Капаров оппозициянын ишенимдүү адамы экени айтылды. УКМКга маалымат берген Эрлан Өмүралиев (буга чейин оппозиция менен иштешип келген) оппозициянын 8-сентябрдагы "Кубакы" операциясына Нарындан элди топтоп барууга дал ушул Чыңгыз Капаров жооптуу экенин билдирген эле. Курманбек Осмонов: "видеодо айтылган маалыматтар боюнча мен Чыңгызды Бишкекке чакырдым. Келгенде баарын тактап сурайм, өзү айтып берет",- деди.   

Оппозициянын 8-9-10-сентябрда өлкөдө баш аламандык кылуу пландарынын бети ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан