Германияда коронавирус эпидемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр кыскартыла баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөгө киргизилген чектөөлөр азайганын жарыялаган. Апрель айынын аягында аянты 800 чарчы метрден ашпаган дүкөндөргө гана ачылууга уруксат болсо, мындан ары кичине болобу, чоң болобу, бардык дүкөндөр ишин баштамакчы.
Социалдык байланышты сактоо режими 5-июнга чейин сакталганы менен үй-бүлөсүнөн бөлөк (кошуна-колоң) адамдар менен жолугушууга уруксат берилди. Бул учурда, албетте, 1 жарым метр аралыкты сактоо керек болот. Ошондой эле коомдук жайларда медициналык бет капты тагынып жүрүүнү унутпоо керек.
Ресторан, кафелердин качан ачылуусун жергиликтүү бийлик чечери маалым болду. Мисалы, Берлинде ресторандарды 15-майдан тартып ачуу пландалууда.
Майдын экинчи жарымында Германияда футбол боюнча чемпиондук жанданат. Бирок көрүүчүлөр катыша албайт. Андыктан пандемиядан кийин ишмердүүлүгүн баштаган Бундеслига алгачкы европалык лига болуп саналмакчы. Оюндун так датасы азырынча белгилене элек, болжолдуу 15-же 21-майга пландалууда. Оюнга болгон талап: бардык оюнчулар жана тейлөөчү кызматкерлер коопсуздук эрежелерин сактоосу керек болот.
Белгилей кетсек, 6-майга карата Германияда 167 миң коронавирус жуктурган адам катталган. Алардан 137 миң бейтап айыгып ооруканадан чыгарылса, 6 миң 993 адам каза болгон. Учурда 22 миңге чукул бейтап коронавирус менен күрөшүүдө. Март айынан апрель айынын башына чейин Германияда коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, апрелдин аягынан тартып азая баштаган.
Пандемияга байланыштуу өлкөдө март айынын ортосунан чектөөлөр киргизилип, маданий-коомдук иш-чаралар токтотулуп, окуу жайлар жабылган.