Бишкекте Эгемендүүлүк күнүн белгилөөдөн кийин “Ала-Тоо” аянтынан 130 метр куб таштанды чыгарылды

Бишкекте 31-августтан 1-сентябрга караган түнү, Эгемендүүлүк күнүн белгилөөдөн кийин борбордук “Ала-Тоо” аянтынан 130 метр куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Таштандыларды тазалоо иштери “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан саат 23:00дөн 04:00гө чейин жүргүзүлдү. Ага 13 атайын техника жана 53 жумушчу тартылыптыр. Жалпы шаар боюнча бул күнү 7 миң метр куб таштанды чыгарылганы белгилүү болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан