Жалал-Абад. Шаар мэри Муктар Арапбаев №1-мектептеги биринчи коңгуроо аземине катышты
Мектепте линейка болуп, Гимн ойнолууда
КРнын Гимни ойнолууда
Окуучулар таланттарын тартуулоодо
Окуучулар таланттарын тартуулоодо
Ардагер мугалимдер да салтанатка күбө болушту
Кыздары кыргыз бийин бийлөөдө
Чет элдин бийлеринен да тартуулашты
Хор ырдашууда
Жалал-Абад шаарындагы №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясында 1500 окуучу билим алса, быйылкы окуу жылында 68 окуучу мектепти аяктайт. Бул мектепте 2 жылдан бери балдарды 1-класска кабыл алуу боло элек. Муну мектеп директору Алтынай Тургунбаева имараттын эски экендиги менен түшүндүрдү. Мектептеги быйылкы биринчи коңгуроо аземине шаар мэри Муктар Арапбаев катышып, окуучуларга куттуктоосун айтты.
Автор: Кенже Тынымбек кызыФото: Кенже Тынымбек кызы