Эл аралык валюта фонду Тажикстанга 189 миллион доллардан ашык акча бөлөт

Эл аралык валюта фондунун Аткаруу кеңеши 6-майда Тажикстанга 189 миллион 500 миң долларды бат насыялоо механизми аркылуу бөлүү тууралуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу фонддун сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталган каражат коронавируска байланыштуу чыгымдарды жабууга жумшалат.

"Пандемия Тажикстанга гуманитардык жана экономикалык чыгым алып келүүдө. Өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту сактап калуу максатында расмий органдар саламаттыкты сактоого, калктын аярлуу катмарын жана ишкерлерди колдоого каражат бөлүүнү көбөйтүү үчүн ар кандай чараларды көрүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

Фонд көрсөтүлгөн жардам экономиканын жана адамдардын пандемиядан олуттуу жабыр тартышынан сактап калат деп эсептейт.

Эл аралык валюта фонду коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө 120 миллион 900 миң доллар бөлгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
salimbek87.kg
2020-05-07 13:56:27
Себеби эмне Тажикстан га көбүрөөк бөлгөн акчаны ? Билгендер барбы билбегеним үчүн сурап жаттым эле.
+3
KalenAlmaz
2020-05-07 14:12:59
salimbek87.kg,Аларда 189 депутат болсо керек да.
+5
Sunera
2020-05-07 15:15:23
salimbek87.kg,калктын саны коп
-1
KalenAlmaz
2020-05-07 13:59:39
Бизге берген карызынарды ким толойт?Карыз албаган жер калбады окшойт.
0
zhykyo
2020-05-07 14:18:40
KalenAlmaz,Розалар толойт деп жатышат
+1
Aliar1
2020-05-07 20:00:16
Жеп жутарлар эчак эле жеп бутушкондур жон эле баашы ооруп калса дагы вирус жуктуруптур деп калп эле 20 сомдук порошоктон ичирип дарылоого 3000$ кетти деп жазып.Кыскасы кычкач сыяктуу болтатда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан