Октябрь районуна караштуу №3-мектепте биринчи коңгуроо кагылды

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргызстан боюнча 2013-2014-окуу жылдарынын расмий башталып жаткан күнү. Быйыл Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №3-жалпы билим берүүчү орто мектебинин босогосун жалпы 174 окуучу аттады. Биринчи коңгуроого арналган салтанат КРнын гимни менен башталды. Мектеп директору Гүлмира Мусиева мектеп босогосун аттап жаткан келечек ээлери менен бирге мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окууларда чоң жетишкендиктерди каалады. Убакыт келип, 1-класстын окуучулары коңгуроо кагышты. Ал эми бүтүрүүчү класска көчкөн окуучулар мектеп босогосун жаңы аттап жаткан окуучуларды жетелеп, класстык бөлмөлөрүнө узатышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан