"УКМК Аликбек Жекшенкуловду кармап кетти” деген маалымат жалган" деп билдирди жардамчысы

Бүгүн, 3-сентябрда оппозиция өкүлү Аликбек Жекшенкуловду УКМКнын кармап кеткени тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок бул жалган экенин Жекшенкуловдун жардамчысы бизге билдирди. "Учурда Жекшенкулов радиолордун бирине интервью берүүдө. Түштөн кийин УКМКга сурак бергени барат”,- деп билдирди ал.  

Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланды. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле. Аликбек Жекшенкулов ал иштерди уюштуруучулардын бири экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан