Садыр Жапаровду УКМК сурак берүүгө чакырганын экс-депутат бизге билдирди. Айтымында, УКМКдан телефон чалышып сурак берүүгө чакырышты. “Бир сааттан кийин барам. Мени менен бирге Талант Мамытов да барат. Биз эмнеден коркмок элек, фантастикалык видеотасмаданбы?”,- дейт Жапаров.
Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланды. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле.