Ысык-Көл. Каракол шаарында жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 3-сентябрда Каракол шаарындагы Восход кичи районунда №15-жаңы орто мектептин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка таянсак, аталган мектептин курулушу 2008-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен салынган. Окуу корпусу 422 окуучуга ылайыкталган. Бүгүн мектеп 1-класстан 11-класска чейин окуучуларды кабыл алды. Мектептин курулушуна 34 миллион сом кеткен. Окуу класстары тиешелүү эмеректер менен толук камсыз болгон. Кошумчалай кетсек, учурда Ысык-Көл облусунда 189 мектеп бар. Бүгүнкү күндө 12 мектептин курулуш иштери жүрүүдө. Облуста жалпы 6800 мугалим эмгектенет жана 83 400 окуучу билим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан