Оппозиция өкүлү Аликбек Жекшенкулов УКМКга сурак берип чыкканын анын жардамчысы бизге билдирди. “Сурак УКМК 2-сентябрда жарыялаган видеодогу Эрлан Өмүралиевдин жазган арызына ылайык жүргүзүлдү”,- деди ал. Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланган. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле. Аликбек Жекшенкулов ал иштерди уюштуруучулардын бири экени айтылган.