Жалал-Абад. Облуста быйыл 19 236 бала 1-класска барды

Бүгүн, 3-сентябрда Жалал-Абад облусунун башчысы Жусупали Торомаматов Сузак районундагы мектептердин бириндеги алгачкы коңгуроо аземине катышты. Облус башчы Талал-Булак айылындагы №80-К.Торомаматов атындагы жана №14-К.Абдураимов атындагы орто мектептерде болду. Торомаматов окуучуларды жаңы окуу жылынын ачылышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.  

Айта кетсек, учурда облуста 474 мектеп болсо, анда 203 478 окуучу билим алат. Быйылкы окуу жылында 19 236 бала 1-класстын босогосун аттаганы белгилүү болду.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан