Оппозиция Нарын дарыясын уулаганы жатканын УКМКга айтып берген Эрланбек Өмүралиев боюнча нарындыктар чогулуш өткөрдү

Оппозиция Нарын дарыясын уулаганы жатканын УКМКга айтып берген Эрланбек Өмүралиев боюнча бүгүн, 3-сентябрда Нарында жыйын болуп өттү. Ага ОИИБ, УКМК, облустук прокуратуранын, облустук санитардык эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери жана башкалар катышты. Облус башчынын орун басары Эмил Алымкулов күч органдарына аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу керектигин айтты. “Эрланбек Өмүралиевдин УКМКга берген маалыматында түздөн-түз Нарын облусу жөнүндө сөз болуп жатат. Мындай учурда облус бийлиги унчукпай калбашы керек. Элдин коопсуздугу жана мамлекеттин туруктуулугу үчүн иштейли. Коомчулукту ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырышыбыз керек”,- дейт Алымкулов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан