Ош. Мектеп окуучусу “Кечкисин музейде” аттуу акция өткөрөт

14-сентябрда Ош шаарынын жаштары үчүн “Кечкисин музейде” аттуу акция өтөт. Акциянын идеясы 11-класстын окуучусу Айпери Жаныбековага таандык. Анын айтымында, жаштардын музейге болгон кызыгуусун арттыруу үчүн ушул демилгени ишке ашырууга аракет кылууда. Иш-чара кечинде башталып таң атканга чейин уланат. Анда спектаклдер тартууланып, эстрада жылдыздарынын ырлары аткарылат. Иш-чара фейерверк менен коштолмокчу. Иш-чара "Сулайман-Тоо" музейинде өтүп, башка оюн-зооктор да орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан