7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан соттук отурумда чыккан уруш учурунда келтирилген чыгымдар төлөндү

 17-июлда ЖАМКнын Күзөт жана конвоирлөө департаментине 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан соттук отурумда чыккан ызы-чууда келтирилген чыгымдарды “Мекен шейиттери” кыймылы төлөп бергендигин аталган уюмдун төрагасы Осунбек Жамансариев бизге билдирди. Айтымында, жалпы-жонунан 77 миң сом төлөнгөн. “Негизи ал уруш айыпталуучу Сергей Цигельниковдун айынан чыккан эле. Бирок мамлекеттик мүлк экенин түшүнүп, аскерлерде күнөө жок экендигин билип, келтирилген чыгымдарды толугу менен төлөп, жабыр тарткандардан кечирим сурадык. Башында чыгым 50-60 миң сом деп айтылган. 30 миңин дароо төлөгөнбүз. Кийин такталган соң 77 миң сом экендиги белгилүү болду, учурда бардык сумманы төлөдүк”,- деди Жамансариев.

   

Эске сала кетсек, 17-июлда 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сот процессинде жабырлануучулар менен сот процессиндеги коопсуздукту камсыз кылып жаткан кызматкерлердин ортосунда мушташ чыкты. Айыпталуучуларды залга алып келишкенде аларды жабырлануучулар алдын ала даярдап келишкен таштар менен урушту. Андан соң дубалда илинип турган картиналарды жулуп ыргытышып, отургучтарды талкалашкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан