Учурда Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыдан 1 миллиард 715 миллион метр кубга аз
3-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы
суунун көлөмү 15 миллиард 662 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр
станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө суу
сактагычка суунун агып кириши секундуна 409 метр куб, суунун агып чыгышы 233
метр кубду түзүүдө. 2012-жылы бул маалда суу сактагычта 17 миллиард 377 миллион
метр куб суу бар болчу. Ал эми суунун агып кириши секундуна 418 куб метрди, агып чыгышы 325
куб метрди түзгөн.