Бишкектин Шопоков көчөсүндөгү унаа жолу учурда оңдолууда. Тактап айтканда, аталган көчөнүн Чүй проспектинен Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөлүүдө. Мэрия билдиргендей, көчөнүн бул бөлүгүн оңдоого, соода борборлорунун бири 3 миллион 250 миң сом бөлүп берген.