Нарын шаарындагы жөө адамдар жүрүүчү ички жолдор оңдолууда. Буга чейин шаардын ички жолдору кейиштүү абалга келип калган эле. “Бул долбоорду шаардык мэрия даярдап, эл аралык уюмдардын бири каржылоодо. Жөө адамдар жүрүүчү жолдорго брусчатка төшөлүп, унаа жолдоруна "зебралар" чийилүүдө. Буга 1 миллион 900 миң сом каражат жумшалды",- дейт жол оңдоп жаткан компаниянын өкүлү Давыд Курманов.